Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ысык-Ата районундагы Ивановка № 1 орто мектебинде мамлекеттик тилге арналган «Сармереден» оюну ɵткɵрүлдү

Ивановка № 1 мектебинде 2015-жылы 22-октябрында мамлекеттик тил боюнча бир айлыктын жыйынтыкталышы катары элдик салтка айланган сармереден оюну өткөрүлдү.Өткөрүлгөн иш чарага Ысык-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Иманалиев Болот Токтоналиевич., Ысык-Ата районунун билим кызматкерлер профсоюзунун төрөайымы Тыныбекова Бактыгуль Качиевна., Республикалык «Умай-Эне-Кут-Ордо»  коомдук бирикмесинин президенти Жороева Салима Жороевна, Чуй областы боюнча «Умай-Эне-Кут-Ордо»   фондунун  төрөайымы Дуйшеналиева Райкан Абдиловна, Ивановка айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы Исмаилова Г.Ш. жана башка меймандар катышышты.  Оюн мектептин мугалимдер жамааты менен 11-класстын окуучуларынын ортосунда болду, мында мугалимдер да, окуучулар да өздөрүнүн ар тараптуу өнөрлөрүнүн көрсөтө алышты. Таймашда адеп-аклакка тарбиялаган макал айтыш, ойлоо сезимин, тапкычтыкты өстүргөн табышмак айтыш, тил жатыктырган жанылмач айтыш өткөрүлүп, ырлар окулуп, жан дүйнөгө ырахат тартуулаган обондуу ырлар, көз суктандырган бийлер аткарылды.

           Бул саамалыктын артыкчылыгы мугалимдер менен окуучулардын ортосунда атаандыштык гана эмес, достук, бири-бирин жакындан таанып,түшүнө билип,жакындашуусун өстүргөндүгүндө, окуучулардын өз оюн эркин,ачык билдире билүүсүн калыптандыргандыгында. Ал эми эӊ негизги мааниси- эне тилибизди мамлекттик тил катары жйылтууда,өнүктүрүүдө аз да болсо салым кошкондугунда, окуучуларды элдик педагогиканын негизинде адептүүлүккө, адамгерчиликке жана башка адамдык бийик сапаттарга тарбиялагандыгында.

          Ушул эле күнү  мектептин киреберишине кыргыз элинин өнөрчүлүгүн чагылдырган музей катары коюлган боз үйдүн ачылышы болду. Мектептин жамааты булл музейдин абалын мынданда жакшы денгээлге көтөрүү максатында иш алып баруусун уланта беришмекчи.

      Келген меймандар  мектептин жүргүзүп жаткан ишине канааттанып, чоӊ ыразычылыктарын билдирип кайтышты.