Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ысык-Ата районунун август конференциясы

Ысык-Ата районунда “Билим берүүнүн санарип платформасы жана жашыл көндүмдөр” темасында мугалимдердин август конференциясы өттү. Конференцияга Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Алмазбек Осмонов, Жогорку Кеңештин депутаты Акбөкөн Таштанбеков, коомдук ишмер Анара Дауталиева, райондун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Чынара Бакашова, райондук билим  жана илим  кызматкерлер кесиптик бирлик комитетинин төрайымы Бактыгуль Тыныбекова  жана билим берүү мекемелеринин жетекчилери, мугалимдер, тарбиячылар катышты.   Конференциянын ачылышында куттуктоо сөздөрү айтылып, көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн Кант шаарындагы №1 “Солнышко лучистое” бала бакчасынын директору Сардарбекова Заря Таштанбековнага жана №29 “Родничок” бала бакчасынын директору Сардарбекова Каныш Джумабековнага “Ысык-Ата районунун ардактуу атуулу” төш белгиси ыйгарылып, ишинен ийгилик жараткан билим берүү кызматкерлери райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы менен сыйланышты. Мугалимдерди алдыдагы жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктап, ийгиликтерди каалашты. Август конференциясында райондук билим берүү бөлүмүнүн отчету угулуп, келечектеги пландары талкууланды.  

Салттуу түрдө быйылкы окуу жылында мугалимдик карьерасын баштаган жаш адистердин кесиптик бирликтеринин катарына кошулушу менен куттуктап, райондук профсоюздук комитет тарабынан даярдалган белектер тапшырылды.

Конферециянын жыйынтыгында резолюция кабыл алынып, райондук маданият бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан катышуучуларга концерттик программа тартууланды.