Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ырыс алды ынтымак

Теӊир ­– Тоодогу Кочкор районунун Кочкор айлындагы И. Арабаев атындагы орто мектепте «Ырыс алды ынтымак» деген чакыруу менен Нооруз майрамдын алдында 17 март 2016 жылы мектептин профсоюз комитетинин демилгеси менен «Мөөрөй» спорттук таймаш өткөрүлдү. Мугалимдер жана техникалык кызматкерлерден аралаш үч команда түзүлүп спорттун ар түрдүү эстафетасына катышып «Күч атасын тааныбайт» дегендей таймашта «Ынтымак» командасы атаандаштарын жеӊип биринчиликти алышып эки миӊ сом байгеге ээ болушту. Экинчи орунду ээлеген «Виктория» командасына бир миӊ беш жүз сом тапшырылды, ал эми «Стрела» командасы үчүнчү орунда калышып беш жүз сом алышты. Мыкты оюнчуларга да белектер тапшырылды. Мындай жагымдуу иш чараны өткөрүүдө профсоюздун райондук комитетинин төрагасы А. Темировдун да чоӊ салымын белгилей кетиш керек.

Мектептин профсоюз комитети активдүүлүгүн жогорулатуу аркылуу мектептин жалпы ишиндеги маселелерди чечүүдө артычылыкка жетишти. Мектепте 1158 окуучуну 72 мугалим татыктуу билим жана тарбия берүү үчүн талыкпай эмгектенип жатышат. Алардын эмгектик, социалдык жана экономикалык укуктарын коргоодо профсоюз комитети мыйзамдын чегинде аткарат. Айлыктар туура жана өз убагында тараталышына, эмгекти коргоо чараларды өткөрүлүшүнө коомдук көзөмөл жасоо, жайкы эс алууну уюштурушуна профком түздөн түз катышууда. Эмгектин талаш тартыштар жеринде эки тараптуу келишимдердин чегинде чечүү сыяктуу бир катар иштер бар.

Мисалга алсак, былтыркы окуу жылында мурунку мектептин жетекчиси бир тараптуу негизсиз айрым мугалимдердин мөөнөтсүз эмгек келишимдерин мөөнөттүгө өткөргөн. Профсоюз комитетин түздөн түз кийлигишүүсү менен эмгек укуктарын   бузулушу четтетилген. Мугалимдердин коомдогу кадыр барктарын көтөрүү, чыгармачылыкта иштөөгө кызыктыруу чараларын көрүү боюнча өзгөчө жаш кадырларды колдоо, алдынкы тажрыйбаларды жайылтуу максатында отуз беш жашка чейин мугалимдердин арасында «Мугалим мугалимге» деген кароо сынагын өткөрүү боюнча профсоюз комитети озүнүн иш планына киргизип иштерди жүргүзүүдө. Кароо сынакка мугалимдер активдүү катышып кызуу талкуулар өтүп жаткан учуру.        

Кароо сынак май айынын экинчи кварталында жыйынтыкталат. Профсоюз комитети мектептин администрациясы жана айыл өкмөтүнүн менен түзүлгөн үч тараптуу макулдашууну аткаруунун алкагында айыл өкмөтү мектептин айрым окуу кабинеттердин жараксыз болуп калган полдорун оӊдоого 80 миӊ сом каражат сарптады. Бирок социалдык жана экономикалык жактан макулдашууга кирген пунктары так көрсөтүлгөнгө карабай, аткарылышына келгенде кыйынчылыктар көп экенин белгилей кетиш керек.

Айыл өкмөтүнүн башчысы менен жекече жолугушуу, кат менен кайрылганга карабай өзгөчө жаш мугалимдер үй – бүлөөсү менен батирден баш тартуусу өкүндүрөт.

Профсоюз комитети, мектептин жетекчилиги ар бир иштерди акылдашып мыйзамдын чегинде биргелешип аткарганга мектептин ынтымагын бекемдейт. Ырыс алды ынтымак де ата – бабалардан калган мурас.

Турдубаева А. Б.

Кочкор районунун Кочкор айылындагы

И. Арабаев атындагы орто мектептин баштапкы уюмунун төрайымы.