Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ыр кесе сизге сунулду

          Өлкөбүздүн Президенти тарабынан жарыяланган "Тарых жана маданият жылына" карата уюштурулган Ыр-кесе үстүбүздөгү жылдын 23-сентябрында Токмокто болуп өттү. Ыр кесеге шаарыбыздагы баардык мектептерде эмгектенип жатышкан эл агартуучулар катышты. Маалымат катары айта кетсек былтыр Бишкек мэриясынын демилгеси менен мугалимдер арасында республикалык Ыр-кесе өткөрүү демилгеси көтөрүлгөн. Ошентип бул саамалык колдоо тапкан соң, биринчилерден болуп Ыр-кесени борбор калаабыздагы орто мектептердин мугалимдери өткөрүшкөн. Облус жетекчисинин катышуусунда болгон өз ара кеңешүүдөн кийин кийинки Ыр-кесени өткөрүү биздин шаардын мугалимдер жамаатына сунулган эле.

         Бул күнү аба-ырайы чайыттай ачык болуп, майрамдык шаңга дагы шаң кошуп турду. Ыр-кесе шаарыбыздагы Мамлекеттик коруктун аймагында, ачык асман алдында болду. Сахнанага жакын жерде шылдырап аккан суу, абанын тазалыгы жана табигаттын кооздугу ого бетер майрамдык маанайды көтөрүп турду. Алты бакан селкинчек орнотулуп, ага жанаша шаарыбыздагы балдардын жана өспүрүмдөрдүн чыгармачыл борборунун тарбиялануучуларынын колдорунан жаралган буюм-тайымдардын көргөзмөсү уюштурулган. Көргөзмөгө жаш таланттардын тарткан сүрөттөрү, кийизден жана түстүү кагаздардан жасашкан буюмдары жана ар кыл багыттагы техниканын макеттери коюлган экен.

         Майрамдык салтанаттын кадырлуу меймандары Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаңыл Айдакеева, Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова, Бишкектеги төрт райондун башчыларынын орун басарлары, Чолпон-Ата шаарынын вице-мэри Алмаз Байгазиев жана башкалар болушту. Меймандарды шаардын мэри Жыргалбек Шамыралиев, шаардык кеңештин төрагасы Тилек Солтобаев жана Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнүн башчысы Айткүл Кибираева, Токмок шаардык профсоюз комитетинин төрайымы Жумалиева Дамира  тосуп алышты.

         Ата-салтын улай меймандар алгач даам сызышып, андан соң көргөзмө менен таанышып чыгышты. Жалпы көрүүчүлөр жана ардактуу коноктор орун алышкандан кийин Ыр-кесе башталып, алгачкы куттуктоо сөздү Жаңыл Айдакеева жана Айгүл Рыскулова алышты. Сүйлөгөн сөздөрүндө алар чогулгандарды кош келген майрамы - Мамлекеттик тил күнү жана Ыр-кесе менен куттукташып, бийик деңгээлде уюштургандыкка көргөн аракеттери жана камылгалары үчүн шаар жетекчилигине ыраазычылыктарын билдиришти. Борбор калаабыздын вице-мэри Жыргалбек Шамыралиевди ары сыймыктуу жана ошол эле учурда жооптуу кызматы менен куттуктап, ишине албан-албан ийгиликтерди каалады. Ошондой эле шаар жетекчисине ак калпак кийгизүү менен чепкен жапты.

Ошентип шаарыбыздагы эл агартуучулардын күчү менен даярдалган Ыр-кесе башталып, чогулгандарга тартууланды. Фольклордун жана эстраданын коштоосунда Ата-Мекен, туулган жер, ата салты жана элибиздин улуулугун, жерибиздин кооздугун даңктаган ырлар аткарылып, ооз комуз жана комузда күүлөр чертилип, "Жылдыз" бий ансамбли ар улуттун бийлерин көпчүлүккө тартуулашты. Жакында белгиленүүчү Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгынын урматына улуу даанышмандын "Куттуу билим" чыгармасынын жаралышы, анын тарбия-таалимге чакыруучу ойлору сахнада кыскача сценкалар аркылуу көрсөтүлдү. Кийинки көрүнүштө ак элечек апалар жаңы төрөлгөн наристени бешикке салуу жөрөлгөсүн ата-бабаларыбыздан келе жаткан салтты бузушпай ийне-жибине чейин көрсөтүп беришти. Ал эми орус улутундагы мугалимдердин кыргыз тилиндеги хорду ырдашы көрүүчүлөргө аябай жакты. Бир сөз менен айтканда мугалимдердин күчү менен даярдалган Ыр-кесе эң жогорку деңгээлде болду.

         Ошентип бул күндөгү Ыр-кесе майрамы соңуна чыгып, шаар мэри Жыргалбек Шамыралиев салт болуп калгандай кийинки Ыр-кесени Чолпон-Ата шаарынын вице-мэрине сунду. Алмаз Байгазиев сүйлөгөн сөзүндө бул саамалыкты көтөрүп чыгышкан Бишкек шаарынын мэриясына жана аны улаган Токмок шаарына терең ыраазычылыгын билдирип, кийинки көл боюнда өтүүчү Ыр-кесеге баардык катышуучуларды келип кетүүгө чакырып өттү. Чолпон-Атадан келген мугилим аккордеондо кол ойнотуп, "Көрүп кет Чолпон-Атаны" ырын аткаруу менен Ыр-кесени кабыл алышты.

         Көл боюнда болуучу Ыр-кеседе аман-эсен жолугалы деген жакшы үмүттөр менен коноктор узашып, ыр майрамы дагы соңуна чыкты.

 

Жумалиева Дамира.