Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Ыр кесе-2016» иш-чарасы

     Ноокен районунун  билим берүү кызматкерлеринин катышуусунда  “2016-жыл -тарых  жана  маданият  жылына”  карата  айыл  аймактарынын ортосунда өткөрүлүп жаткан                     «Ыр кесе-2016» кароосу    6-майда  Момбеков  айыл аймагында  болуп өттү. Анда мектептин  жана бала бакчаларынын администрациясы баш болгон таланттуу, өнөрпөз  кызматкерлер  катышышты.

     Ыр кесеге калыстар тобу Ноокен райондук маданият бөлүмүнун жетекчиси  К. Акрамова, «Ноокен  жаңырыгы»  райондук газетасынын редактору Б.  Раимбекова, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын  орун  басары А.Каримова , райадминистрациянын өкүлү катышып  бааларын беришти.

     Жамааттар тарабынан  кыргыздын  кол  өнөрчүлүгүн  чагылдырган көргөзмө уюштурулду. «Эл ичи өнөр кенчи» демекчи,   бул  ыр кесеге   катышкан таланттардын өнөрүнө келген коноктор аябай ыраазы болушту.

      Өзгөчө №23-орто мектебинин башталгыч  класс мугалими Тагаева Алима, №17«Бостон» балдар бакчасынын музыка мугалими Алымбеков Эрмек, №17-Кыла орто мектебинин директору  Осмонов Калмамат, химия-биология мугалими Ажымуратов  Кубаныч,   №22 «Гулкайыр» балдар бакчасынын башчысы Аджыбекова Парида, тарбиячысы Машаева Кыял, №16-Ж.Турусбеков атындагы орто мектебинин музыка мугалими  Амадалиев Калил,  №34-«Жазгак» орто мектебинин музыка мугалими Мамадалиев Медерлердин    өнөрлөрү  жогору бааланып, райондук жыйынтыктоочу кароого катышууга жолдомо алышты.

«Ыр кесе» Бургонду айыл өкмөтүнүн   маданият үйүнүн жетекчиси баш болгон конокторго    узатылды.

      Материалды  даярдаган: Билим, илим кесип бирлигинин Ноокен  райКБКнын эмгекти коргоо боюнча техникалык коомдук тескөөчүсү, №16 Турусбеков атындагы орто мектебинин кесиптик  уюмунун  төрайымы Нургул Тагаева.