Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Ынтымактуу элдин балдары бактылуу»

     2017-жылдын 30-март күнү Кашкар-Кыштак айыл аймагында жайгашкан « Нуртилек» мектепке чейинки билим берүү мекемесинин базасында 76 бала бакчалардын баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрайымдарынын катышуусунда семинары өткөрүлдү. «Ынтымактуу элдин балдары бактылуу» деген темада ачык сабактар, тарбиялык кече өткөрүлдү. Семинардын катышуучулары тарабынан тарбиячылардын, тарбияланып жатышкан балдардын даярдыктарын көрүшүп бала бакчанын директоруна жана тарбиячыларына болгон жылуу сөздөр айтылды. Мындан тышкары баштапкы кесиптик бирлик уюмунун каанасынын жана иш кагаздарынын эстетикалык жактан жакшы даярдалгандыгына күбө болушту.