Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ынтымактуу коллектив ийгиликке алып барат

     Ушул жылдын 19-мартында Токтогул райондук билим берүү бɵлүмүнүн башчысы Д.Сулпукарова жана Токтогул райондук  билим берүү профсоюз комитетинин тɵрагасы Т.Исраилов жана ошондой эле аппарат кызматкери Боржиева Астра жана Ɵмүрбек Модулбаев  биргеликте  Токтогул районуна  караштуу Тересуу айылынын Турусбек атындагы орто мектебинде болушту. Анда мектептин техникалык базасын жана билим сапатын жогорулатуу боюнча мугалимдердин ишмердүүлүгүн жана кандай иш алып баруулар болуп жаткандыгын кɵрүштү.

     Мектептин администрациясынын жана профсоюз уюмунун отчетторун угушту. Мектеп директору отчетунда  аткарылган иштери жана иш пландары менен доклад жасады. 2017-2018-окуу жылында мектептин окуучулары билими боюнча бир топ жогорулаганын жана ɵздɵшүүсү күчтүү экенин жана коллектив ынтымакта иштешип дагы алдыга жылуулары  демилгесин кɵтɵрүп жатканын айтты. Мектеп профсоюз уюмунун тɵрагасы С. Нургазиевдин  отчетунда райондук профсоюз комитети тарабынан  берилген акча каражаттары жана эс алууга берилген жолдомолор ɵз орду менен жана так аткарылып  жумшалып жаткандыгын мектептин коллективи чогулушта тастыктады. Мектеп мугалимдеринин сунуштары менен демɵɵрчү табышып жаны кобинеттерди курушуп  окуучуларга жакшы шарттар түзүлүп бир топ алгылыктуу иштер жасалыптыр.