Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Ыйман, адеп жана маданият, билим сапатын көтөрүүдө кесиптик бирликтин ролу» деген темада ачык сабак

     2017-жылдын 13-апрель күнү Жоош айыл аймагында жайгашкан Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин базасында Кара-Суу зонасындагы  63 мектептин баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрайым, төрагалары менен Ош областык билим, илим  кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин кошмо семинары болуп өттү.  Ыйман,адеп жана маданият, билим сапатын көтөрүүдө кесиптик бирликтин ролу деген темада ачык сабактар, классан тышкаркы иш чаралар пландаштырылып,   мугалимдер техникалык каражаттарды пайдаланышып, инновациялык усулдур менен өтүштү.  Ошондой эле, кесиптик бирликтин каанасын түзүү жана иш кагаздарды жүргүзүү боюнча көргөзмө уюштурулган, келген төрага, төрайымдар иш кагаздардын көчүрмөлөрүн таратылды.

     Семинардын ишине  Ош областык билим, илим  кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин бөлүм башчысы Аттокуров Мамбет Аттокурович жана эмгекти коргоо, техникалык коопсуздукту сактоо боюнча инспекторк Ажимаматов Эшболот Ажимаматовичтер келип катышты. Мектептердеги баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрайым, төрагаларынын жана иш берүүчүлөрдүн укуктук-ченемдик актылары жөнөндөгү билимдерин жогорулатуу деген темада анкета таркатылып  суроо-жооптор, пикир алмашуулар  менен жыйынтыкталды, семинар өз максатына жетти.