Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ыйман, адеп жана маданият, билим сапатын көтөрүүдө кесиптик бирликтин ролу

    Кара-Суу райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин тарабынан 2017-жылдын март айына  пландаштырылган  баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрага, төрайымдарынын семинар-окуулары жыйынтыкталды.

     2017-жылдын март айында № 24  Омарбек датка атындагы орто мектебинин базасында Ош зонасындагы 62 мектептин баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрага, төрайымдарынын катышуусунда  семинары болуп өттү.

      Окуучуларды ыйман, адеп жана маданияттуулукка чакырууда кесиптик бирликтин ролу деген темада ачык сабактарды, класстан тышкаркы иш чараларды,  кесиптик бирликтин каанасын уюштуруу,  иш кагаздарын даярдоо.  техникалык коопсуздук эрежелеринин сакталышы, эмгекти коргоо боюнча  көрнөк жарнактарды  жогорку деӊгээлде  даярдалгандыгы үчүн семинардын катышуучулары тарабынан ыраазычылыктар   билдирилди.