Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ы.Чангылов орто мектебинде жолугушуу

        Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунунда 28-сентябрь күнү Ы.Чангылов орто мектебинде, мектептин жааматы менен райондук профсоюз комитетинин төрагасы Дурусалиев Жакыпбай Тургуналиевич менен жеринде суроо жооп иретинде сүйлөшүлдү. Алгач  Ж.Дурусалиев жайкы эс алууну,  үч тараптуу келишимдин негизинде жүргүзүлүп жаткан иштер жана быйылкы жылы өткүрүлгөн семинарлардын мугалимдер үчүн кандай жардамдары тийип жаткандыгына токтолуп азыркы учурда жүрүп жаткан мугалимдердин аттестациясы боюнча түшүнүк берип өттү. Мугалимдер көптөгөн суроолорун берип канаттандырарлык жоопторду алышты. Акырында Ж.Дурусалиев мектептин директору Балтаев Кенжегул агайга билим берүүнүн «мыктысы» төш белгисин тапшырып жааматтын ишине ийгиликтерди каалады. Мектеп жааматы жолугушуу жемиштүү болгонун айтып Ж.Дурусалиевге ыраазычылыктарын билдирип мектеп директорун да куттукташты.

Ы.Чангылов атындагы орто мектебинин баштапкы кесиптик уюмунун төрагасы Садыралиев Табылды