Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

XI студенттик олимпиада

Ош технологиялык университетинде университеттер аралык аймактык XI студенттик олимпиада өткөрүлдү. Олимпиадага Республиканын түштүк аймагындагы жети окуу жайынын ( ЖАМУ, ЭАУ, ИТЭИ, КӨЭАУ, ОшМУ, ОшМПУ, БАТМУ) илимий иштер боюнча проректорлору, илим бөлүмүнүн башчылары, 800дөн ашуун студенттер жана окутуучулар катышты.

Аймактык олимпиаданы ОшТУнун ректор Жанболот Турсунбаев ачып, жети окуу жайдын студенттерине ийгиликтерди каалады. Жогорку окуу жайлардын илимий иштер боюнча проректорлору куттуктоо сөздөрүн айтышты.

Олимпиада студенттердин предметтерди тереңдетип үйрөнүүгө болгон кызыгуусун арттыруу жана жогорку окуу жайларынын студенттеринин арасында илимий жана чыгармачылык ишмердүүлүккө кызыгууну өнүктүрүү максатында уюштурулду.

Олимпиаданын жеңүүчүлөрү аныкталып, 1-орун - 37 студентке, 2-орун - 37 студентке жана 3-орун - 37 студентке 1-2-3-даражадагы дипломдор берилди.

Аталаган иш чарага ОшТУ кесиптик бирлик комитети демөөрчүлүк кылды.

 

Маалыматты даярдаган: ОшТУ кесиптик бирлик комитети