Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Волейбол мелдеши өткөрүлдү

Мекенди коргоочулар күнүнө карата Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн жана Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Лейлек райондук комитетинин жетекчилиги менен мектеп директорлорунун арасында «Ата Журт кыйын күнгө кабылганда, айлансын ар бир уулуң чагылганга» аттуу волейбол оюну өткөрүлдү. 

    Мелдешти уюштуруунун максаты: 

  • Билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин арасында спорттук оюндарды жандандыруу; 
  • Билим берүү кызматкерлеринин ден соолугун чыңдоо багытында массалык иштерди жүргүзүү;
  • Билим берүү мекемелери ортосунда достук байланышты күчөтүү;
  • Билим берүү кызматкерлеринин арасында мыкты спортсмендерди аныктоо;
  • Спорттун ден соолукка тийгизген таасири жана ага үгүттөө; 

Мелдеш 1 этап менен А. Навои атындагы орто мектебинин базасында өткөрүлүп, ага райондун аймагындагы жогорку, ортоңку жана төмөнкү аймактын мектеп директорлору катышып, жыйынтыгында 

Ортоңку зона 1- орун

Жогорку зона- 2 - орун 

Төмөнкү зона - 3- орунду

ээлеп, жеңүүчүлөр диплом, медаль жана акчалай сыйлык менен  сыйланды. 

 

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Лейлек райондук комитети