Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Волейбол боюнча мелдеш болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгын негизинде спорттун волейбол түрү боюнча Ноокатта мелдеш болуп өттү.

23-февраль “Ата-Мекенди коргоо” күнүнө карата достукту чыңдоо мелдешине Ноокат районундагы билим берүү мекемелериндеги мугалимдер катышты. Мелдеш Ноокат райондук билим берүү бөлүмү жана райондук билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети тарабынан уюштурулду.

Мелдештин жеңүүчүлөрүнө дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Ноокат райондук комитети