Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ВИЧ, СПИД ооруларынын алдын алуу боюнча семинар-сабак өтүлдү

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы №852 “2017-2021-жылдарга Кыргыз Республикасынын (АИВ)-инфекциясын жеңүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасы жөнүндөгү” токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2018-жылдын 1-ноябрындагы №378-б, Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын 2018-жылдын №175-б буйругунун негизинде райондун бардык мектептеринде жана мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринде 2018-жылдын 1-ноябрынан тартып 1-декабрына чейин ВИЧ, СПИД илдетине каршы күрөшүү, алдын алуу боюнча бир айлык жарыяланып, иш-чаралар аткарууга алынды.

Ноокен райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери менен биргеликте 2018-жылдын 15-ноябрында мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жана мектептердин директорлоруна ВИЧ, СПИД ооруларынын алдын алуу боюнча семинар-сабак өтүлдү.

Ошол эле иш-чара 27-ноябрда №31 Ж.Татыкулов атындагы орто мектебинде Ноокен райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жана 49 мектептин соц. педагогдорунун, укук коргоо органдарынын катышуусунда “Биз ВИЧ, СПИДке каршыбыз!” деген темада ачык тарбиялык сааттар, класстан тышкаркы иш чаралар уюштурулду.

 

Материалды даярдаган:   

  Ноокен рай КБКнын инспектору

Т. Бакиров