Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Усулдук жардамдар көрсөтүлдү

    Билим берүү кызматкерлеринин Ак-Суу райондук профсоюз комитети жана райондук билим берүү бөлүмү тарабынан 2017-жылдын  январь айынын аягында районубуздагы Бурма-Суу айылындагы М.Рахимова атындагы орто мектептеги окуу-тарбия маселеси боюнча жүргүзүлүп жаткан иштери каралды.

   Аталган мектептин баштапкы профсоюз уюмунун төрайымы болуп Абдиева Гүлмира эжей эмгектенет. Гүлмира эжей профком болуп шайланганына бир жыл эле убакыт өткөндүгүнө карабастан мектептеги профсоюз уюмунун ишин жакшыртууга аракет көрүп жаткандыгын айтуу менен бизди иш кагаздары менен тааныштырды.

    Профсоюз кабинети талапка ылайык жасалгаланып, билим берүү кызматкерлеринин баштапкы профсоюз уюмуна тиешелүү банерге жылдык план, усулдук баракчалар илинген. Профсоюздук бардык иш чаралар мына ушул  профсоюздун бөлмөсүндө өткөрүлөт жана аны дагы жакшы жасалгалоону пландаштырып жатышканын айтып берди.

Билим берүү мекемелеринде окуучулардын ысык тамак менен камсыз болушунун уюштурулушу баштапкы профсоюз уюму тарабынан дайым көзөмөлгө алынып турат. Жыйынтыгында  М.Рахимова атындагы орто мектебинин ашканасында санитардык-гигиеналык талаптарды аткаруу багытында алгылыктуу иштер жүргүзүлгөндүгү байкалды.

    Мектептин иши менен таанышуу учурунда башталгыч  орус  класстарынын окуу китептери менен камсыз болушу толук кандуу эмес.  Бул багытта жетишпеген окуу китептерин ата-энелер тарабынан камсыз кылуу боюнча макулдашуулар болгондугу айтылды..

    Мектептин администрациясына, баштапкы профсоюз уюмунун төрайымына билим берүү кызматкерлеринин кызыкчылыктарын коргоодо, суроо-талаптарын аткарууда, эмгектик, укуктук жана социалдык жактан колдоого алууда, кабыл алынган Жамааттык келишимдин шарттарынын толук аткарылышына жетишүүдө аракеттерди арттыруу, кыш мезгилинде  мектепте жылуулук режимин дайыма  сактоо зарылдыгы сунушталды.

    Ошондой эле райондук билим  берүү бөлүмүнүн усулчулары мектептин мугалимдеринин сабактарына катышышып, мектеп администрациясынын, мугалимдердин иш кагаздарын карап чыгышып, сын-пикирлерин, сунуштарын айтышып, усулдук  жардамдарды көрсөтүштү.

    Мектеп директору Хамзеев Алтынбек, профком Абдиева Гүлмира айтылган сын-пикирлерди, сунуштарды туура кабыл алышып, көрсөтүлгөн кемчиликтерди жоюуда администрация профсоюз уюму менен биргеликте аракет кылаарын айтып, көрсөтүлгөн усулдук жардамдарга ыраазычылыгыктарын билдиришти.

 

Айжан Төрөева,

Ысык-Көл областындагы Ак-Суу райондук профсоюз комитетинин кызматкери.