Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Усулдук жардам берилди

2024-жылдын  31-январында Билим жана илим  кызматкерлеринин  кесиптик  бирлигинин Баткен областтык комитетинин уюштуруу иштери боюнча адиси Гапарали уулу Мансур тарабынан  Билим жана илим  кызматкерлеринин  кесиптик  бирлигинин Баткен шаардык  комитетине усулдук жардам көрсөтүлдү.

Билим жана илим  кызматкерлеринин  кесиптик  бирлигинин Баткен шаардык комитетинин номенклатурага ылайык иш кагаздарын жүргүзүү, жеке өзүнүн электрондук почтасы аркылуу иш кагаздарын жөнөтүү, кабыл алуу, баштапкы кесиптик бирлик уюмдары менен болгон ишти активдештирүү, аткарылган иш  чаралардын маалыматын Борбордук комитеттин сайтына чыгаруу  боюнча кеңири түшүндүрмө берилди. Кесиптик бирликтин Баткен шаардык комитетинин төрайымы Ырысбүбү Сапарбаева усулдук жардам үчүн ыраазычылык билдирилди.

 

Маалыматты даярдаган: Баткен областтык кесиптик бирлик комитеттин уюштуруу иштери боюнча адиси - Гапарали уулу Мансур