Усулдук күн уюштурулду
2023-жылдын 3-майында билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык комитети тарабынан кесиптик бирликтин Майлуу-Суу шаардык комитетинде усулдук күн өткөрүлдү.
Усулдук күндө кесиптик бирликтин жаңыдан мүчөлүккө кабыл алуунун талаптарын, баштапкы уюмдарда кесиптик бирликтин документтерин жүргүзүү эрежелерин, өнөктөштүктү өркүндөтүү боюнча жер-жерлерде тематикалык семинарларды максаттуу уюштуруу жана финансы маселелерди жүргүзүүгө практикалык сунуштар берилди.
Усулдук күн шаардык комитетте, колледжде өткөрүлүп усулдук жардамдар көрсөтүлдү. Усулдук күнгө Жалал-Абад областтык комитетинин бөлүм башчылары А.Бегматов жана З.Сулайманов катышышты.
Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Жалал-Абад областык комитети