Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Усулдук көмөк көрсөтүлдү

Билим жана илим  кызматкерлеринин кесиптик  бирлигинин Жалал-Абад областтык комитетинин иш планына ылайык, областтык комитеттин жооптуу кызматкерлери тарабынан Токтогул райондук комитетинин төрайымы К.Ажыбаева жана укук жана эмгекти коргоо инспектору М.Батырбековго усулдук күн уюштурулду.

Иш чарада төмөнкү темалар боюнча усулдук материалдар  берилди.

1.Үч тараптуу Макулдашуулар, эки  тараптуу   келишимдерди түзүүнүн  мыйзамдуу  негиздери.

2.Жамааттык  келишимдерди түзүү, ишке  ашыруу жолдору.

3.Баштапкы  кесиптик бирлик  уюмдарында  эмгекти коргоо  иштерин  уюштуруу.

4.Эмгекти коргоо боюнча техникалык жана коомдук инспекторлордун иштерин уюштуруу.

5.Кесиптик бирлик уюмдарында текшерүү  комиссиясынын ишин уюштуруу.

Коюлган суроолорго ынанымдуу  жооптор  берилип, усулдук материалдар электрондук почталарга  жөнөтүлдү.

Катышуучулар  усулдук  күн  үчүн  ыраазычылыгын  билдиришти.

 

Маалыматты даярдаган: А.Айдаров - кесиптик бирликтин Жалал-Абад областтик комитетинин инспектору