Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Устаттар жана шакирттердин жолугушуусу болуп өттү

2018-жыл –Аймактарды өнүктүрүү жылына карата Кара-Көлдө,  1-октябрь –Улгайгандардын күнүнө, 5-октябрь – мугалимдердин кесиптик майрамына арналган  “Устат жана шакирт” иш- чарасынын алкагында “Бүгүнкү устат-кечээки шакирт” темасында семинар  Билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун шаардык комитети жана окуу-усулдук кабинет тарабынан өткөрүлүп,   иштеп жаткан 65 ардагер жана 30 жаш адис, билим берүү мекемелеринин жетекчилери  катышышты. Семинардын жүрүшүндө  насаатчы-устат мугалимдер менен жаш адистердин баарлашуусу болду. Ардагер-насаатчылар өзүлөрүнүн тажрыйбасынан бөлүштүрүп, акыл-насааттарын айтышса, жаш адистер урматтоо иретинде концерттик номерлерди тартуулашты.  Мында “Келечек” балдар бакчасынын насаатчы мугалими Сарбалаева Гулмира  шакирти Тумантаева Асел менен иш-тажрыйбасынан баяндама    жасашты.  Жаш адистер усаттарынын алдында “Мугалимдин антын” бергендиктери менен мугалимдик кесиптин түйшүктүү жолуна кадам ташташкандай болушту. Жаш адистерге жакындан жардам берүү максатында “Насаатчылар мектеби” түзүлдү жана анын жобосу кабыл алынды. Насаатчылар мектебин жетектөө Тагаева Рахатка тапшырылды. Мурда түзүлгөн “Жаштар мектеби” менен тыгыз байланышта иш жүргүзүү боюнча бир катар иштер белгиленди.  Иш-чаранын соңунда   ардагерлерге арналган сый тамак тартылып, белектер жана бала бакчанын балдарынын колдорунан жасалган гүлдөр  берилди. Ардагерлер профсоюздук комитетке ыраазычылык билдирүү менен, дагы иштөөгө дем-күч, шыктануу алып кайтышты.