Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Устаттар менен жаш мугалимдердин жолугушуусу

    2018-жылдын 29-март күнү Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл аймагынын “Кара-Булак” орто мектебинде  “Алдынкы педагогикалык тажрыйбаларды үйрөнүү,  сабак өтүүдөгү жаңы жетишкендиктерди практика жүзүнө ашыруу” деген темада райондук деңгээлде насаатчы мугалимдер менен жаш мугалимдердин  райондук семинары өткɵрүлдү.

  Семинардын максаты: Насаатчы мугалимдер менен жаш мугалимдердин  тажрыйба жана пикир алышуусу.

  Аталган семинарга райондун аймагында билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенип азыркы учурда ардактуу эс алуудагы устат мугалимдер да катышып жаш мугалимдерге өз тажрыйбалары менен бөлүшүштү.