Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

"Урууңду сактайм десең уулуңду тарбияла" форуму

“Урууңду сактайм десең уулуңду тарбияла, улутуңду сактайм десең кызыңды тарбияла”- деген темада Аялдар аруу зат райондук форуму билим берүү тармагы тарабынан өткөрүлдү. Райондук форумга Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын орун басары Асел Айтыкуловна, райондогу мекеме уюмунун өкүлдөрү жана “Асылзат” аялдар коомунун төрайымы, филология илиминин кандитаты Нуркыз Кадырбековна, мектеп, бала бакча жетекчилери, шайыр апалар тобу, медициналык кызматкерлер, окуучулар катышты.

Форумдун алкагында райондук маданият үйүнүн кире беришинде мугалим, окуучулардын колдорунан жасалган буюмдардын көргөзмөсү өттү. Форумду райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Баймуратов ачып, иш чаранын ишине ийгиликтерди каалап, сөздү райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары А.Жунусалиевага берди. Ал форум жакшы убакта өтүп жатканына өспүрүм кыздарыбыз кыргыздын када- салтына, акыл-ойлоруна, айтылган макалдардын тупкү маңызын туура түшүнүүсүнө токтолуп келечек муундарга жакшылыктарды каалады.

Форумдун жүрүшүндө КР Президенттинин администрациясынын мамлекеттик саясат кызматкери Айнура Эргешованын онлайн-билдирүүсү чагылдырылды.

“Асылзат” аялдар коомунун төрайымы, филология илимдеринин кандидаты Нуркыз Кадырбековна баяндама жасады. Убакыттын созулганына карабай окуучулар, энелер тарабынан көптөгөн суроолор берилди, ар бир суроого так жооп алынды. Илимпоз сөзүнүн акырында зордук-зомбулук, эрте турмушка чыгуу, өзүн алып жүрүү, көчөдө жүрүү маданияттарына да токтолду.

Райондогу үй-бүлөлүк дарагерлер тобу ден соолук боюнча айтып берилген суроолорго жооп берди.

Шайыр апалардан да сөз алып, форумдун уюштуруучуларына, Нуркыз Кадырбековнага  ыразычылыктарын билдиришти. Форумдун катышуучулары ыраазы болушту.

Райондун имам хатиби Шумкар ажы эне жөнүндө жакшы маселе айтып болочок жаштарыбызга ыйман тилеп батасын берип, форум жыйынтыкталды.

Форумдун жүрүшүндө райондук маданият кызматкерлери, мектеп окуучулары тарабынан ыр-бийлер коштолду.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Ала-Бука райондук комитети