Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Урматтуу билим берүү тармагынын кызматкерлери, мугалимдер, ата-энелер жана окуучулар!

      Сиздерди келе жаткан жаңы 2017-жылыңыздар менен чын дилимден куттуктайм. Жаңы жыл сиздерге бакты таалай, үй-бүлөңүздөргө  тынччылык, аманчылык, элибизге бекем ыйман,  жерибизге кең ырыскы алып келген акжолтой, ийгиликтердин  жылы болсун! 

       Өз өмүрлөрүн эртеңки күн ээлери болгон келечек муунду тарбиялоого  арнаган ардактуу мугалимдерибиздин  иштеринде ийгилик болсун! Биздин окуткан окуучуларбыздан  келечекте  Мекенибиздин  тагдырын чече турган, эл журтунун керегине жараган, Кыргызстандын экономикасын көтөрө турган  билимдүү, мекенчил,  мыкты инсандар тарбияланып өсүп чыксын.

      Бүгүн жаңы жылды тосуп отуруп, артка кылчайсак өтүп бараткан жыл да биз үчүн тарыхта калчу жыл болду. Мамлекетибиздин эгемендигинин 25 жылдыгын утурлай дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын ийгиликтүү өткөрүп алдык, “Тарых жана маданият жылынын” алкагында билим берүү тармагында көп ийгиликтерге жетиштик.

     Жаңы жылда ийгиликтер мындан  дагы арбын жаралып мамлектетибиздин экономикасында жана социалдык тармактарында жетишкендиктер көп болсун!

     Дагы бир ирээт Жаңы жылыңыздар менен куттуктайм!

 

Сиздерди терең урматтоо менен,

билим берүү жана илим кызматкерлеринин

профсоюзунун Сүлүктү шаардык комитетинин

төрагасы                                                                                          К.С.Кудаяров.