Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Улуулугуң билинди, урматта эне тилиңди

2023-жылдын 23-сентябрында Ала-Бука районундагы Көк-Серек айыл аймагындагы №24 Токтогул атындагы жалпы орто  билим берүүчү орто мектебинде «Улуулугуң билинди, урматта эне тилиңди” деген темада райондук иш-чара өткөрүлдү. Иш-чарага райондук билим берүү бөлүмүнөн жетектөөчү адистер, кесиптик бирликтин ала-бука райондук комитетинин төрагасы Ж.Дурусалиев, мектеп директорлору жана алдыңкы мугалимдери, айыл аймагынын социалдык адистери катышты. Иш-чарынын башында райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Орунбаева Назгүл жана кесиптик бирликтин төрагасы Ж.Дурусалиев куттуктоолорун айтып, жакшы каалоо-тилектерин билдиришти.

Иш-чарага катышкандар 4 секцияга бөлүндү, атап айтканда 1-секция КРнын “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамын ишке ашыруу, 2-сексия “Типтүү нускамасы жөнүндө” токтому, 3-сексия “Манас” эпосун окутуп жайылтуунун жөнөкөй ыкмалары”, 4-секция “Адабият сабагында лирикалык чыгармаларды талдоонун жана көркөм окууга жогорку деңгээлде машыктыруунун ыкмалары”. Секцияларда талкуулар, сунуштар, ой-пикикирлер айтылып, иш-чара жакшы өттү десек жаңылышпайбыз.

Жыйынтыгында кыргыз тилин өнүктүрүүгө кошкон салымы жана уюштуруучулук иштери үчүн мугалимдер Ардак грамоталар менен сыйланышты. Райондук иш-чарада мыкты деп табылган кыргыз тили жана адабияты мугалими Козуева Асылканга райондук кесиптик бирликтин төрагасы Ж.Дурусалиев он күнгө Жалал-Абад санаториясына эс алып, ден соолугун чыңдап келүүсү үчүн жолдомо тапшырды.

 

Маалыматты даярдаган: кесиптик бирликтин Ала-Бука райондук комитети