Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Улуу жеӊиштин 70 жылдыгы салтанаттуу майрамдалды

    Жалал-Абаддын жалпы калкы жана Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюздун кызматкерлери Улуу Ата Мекендик согушта советтик жоокерлердин жеӊишинин 70 жылдык майрамына зор даярдыктар менен келишти.

     Майрамдык маанай  менен жасалгаланган аянтта Улуу майрам Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, ардагерлердин, шаардын тургундарынын, чакырылган коноктордун катышуусунда шаӊдуу өткөрүлдү.

    Облустагы куралдуу күчтөрдүн жана аскер техникаларынын парады, аскерлер аянтта каз-катар тизилип, даярдыктын мыкты деӊгээлин көрсөтүштү. Облустук, шаардык ички иштер башкармалыгынын атайын даярдыктагы бөлүктөрү  аянтта өз өнөрлөрүн демонстрациялашты.

     Согуш мезгилиндеги аскердик ырлар ырдалып, бийлер бийленди. Соӊунда шаардык мекеме-уюмдардын концертик программалары аткарылып, шаардыктардын черин жазышты.

      Параддын соӊунда аскердик салюттар атылып, шаар калкына өзүнчө шаӊ тартуулады.

      Майрамдын экинчи бөлүгү шаардык «Жеӊиш» багында улантылды.

      Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, облустук, шаардык бийлик өкүлдөрү, аксакалдардын өкүлдөрү, мекеме, уюмдардын жетекчилери түбөлүк отко таазим этишип, гүл коюшту.

      Анда кийин согуштун  ардагерлерине солдаттык  ботко тартылып, жоокер кездерин эстешти.

      Майрамдык сейилдөөдө облустун өнөрпоздору тарабынан чоӊ программадагы ыр-концерт, оюн-зоок тартууланды.

      Улуу майрам менен куттуктап, Жалал-Абад шаарынын тургуну, билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад обкомунун бөлүм башчысы А.Бегматов телекөрсөтүү аркылуу жалпы элди, анын ичинде профсоюз ишмерлерин куттуктады, иштерине ийгиликтерди каалады.

      9-май - Улуу жеӊиш майрамы Жалал-Абад чоӊ шааӊ-шөкөт менен уюштурулуп, өткөрүлдү.

 

Профсоюздун Жалал-Абад облустук

комитетинин төрагасы   К.Мурзакматов