Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Улуу Жеңишке 75 жыл

Улуу Жеңишке 75 жыл.

Бабалар баскан ыйык жолго,

Урпактар даым таазим кылат!

     Тарыхка көз аптыра кетсек, 9 май Жеңиш майрамы - совет элинин эң ыйык, эң улуу майрамы. Анткени бул күнгө жетүү үчүн совет эли 27 млн. адамынан ажыраган. Бул күн - совет элинин 4 жылга созулган эң оор, эң кайгылуу Улуу Ата Мекендик согуштагы фашисттик Германиянын үстүнөн жеңишке жетишкен күн. 1945-жылдын 8 майы күнү саат 22ден 43 мүнөт өткөндө Берлин шаарына жакын Карлхорст шаарында вермахтын атынан генерал - фельдмаршал Кейтель Кызыл Армиянын маршалы Г. Жуковдун жана союздаштардын атынан катышкан Англиянын авиация маршалы А. Теддердин катышуусунда биротоло жана толук багынып берүү (капитуляция) жөнүндөгү келишимге кол койгон. Бул мезгилде Москва шаарында 9 май кирип калган эле. И. Сталин ошол замат 9 майды Жеңиш күнү деп жарыялаган жарлыгын чыгарып, аны эртең менен саат 6:00 дө радиодон атактуу диктор Левитан бүткүл совет элине жарыялаган.

     Бул күндөгү, эң биринчи согуш күнүн майрамдоо болуп көрбөгөндөй майрамдалган. Көчөдө жайнаган эл бирин - бири куттуктап, ыйлап өөп, куттуктап жүрүшкөн. Кечинде саат 22:00 дө Москвада 1000 замбиректен СССРдин тарыхында болуп көрбөгөндөй масштабдагы 30 залп менен Жеңиш салюту берилген.

     Бирок, 1948 -жылдан баштап 9 -май жумушчу күн деп жарыяланган. 1965 - ж. гана Жеңиштин 20 жылдыгында 9 -май Жеңиш күнүн кайрадан жумушчу эмес күн деп жарыяланып, майрам толук атрибттары менен майрамдала баштаган.

     Аскердик парад, согуш ардагерлеринин салатанаттуу жүрүшү, Жеңиш салюту СССРдин бардык баатыр шаарларында жана улуттук республикалардын борборлорунда өткөрүлгөн.

     Албетте бул улуу майрам Кыргыз Республикасында да татыктуу белгиленип, жыл сайын өткөрүлүп келе жатат. Айрыкча юбилейлик мезгилдери өзгөчө шаң, салтанаттары менен айырмаланып өткөрүлөт эмеспи, быылкы жылы Улуу жеңиштин 75жылдыгы кандай жакшшы маанайда өткөрүлмөк, эгерде дүнүйө жүзүндө каронавирус ылаңы кесепети келбегенде.

     Бирок Жеңиш майрамын биз үйдөн болсо да, онлайн түрүндө болсо да сөзсүз майрамдаййбыз, бүгүнкү жаркын келечек, бейпил турмушту алып келген Улуу майрам менен бири бирибизди, эли журтубузду куттукташабыз.

     Билим берүү мекемелеринде бул күндүн урматына “Өлбөс полк” онлайн кароо сынактары, тарбиялык сабактары, жана эскерүү акциялары тынбай жүрүп келе жатат.

 

     Бизге бүгүнкү бейпил турмушту алып келген, каргашалуу согушка өз өмүрүн жанын аябай курман кылган ата-бабаларыбыздын эрдигин биз эч каан унутпайбыз. Сыймыктануу менен аларды ар дайым даңктайбыз. Келечек муунга алардын эрдиктери жөнүндө өчпөс өрнөк кылып айтып келебиз. Түбөлүк таазим кылабыз...

 

 

Урматтуу кесиптештер, урматтуу билим берүү кызматкерлери!

     Сиздерди Улуу Жеңиштин 75 жылдык майрамы менен Сүлүктү шаарындагы жалпы билим берүү кызматкерелеринин атынан, чын жүрөгүмдөн кызуу куттуктайм.

Заманыбыз тынч болуп, эгемен өлкөбүздө бейпилдик, ырыс ынтымак, чоң-чоң жетишкендиктер болушун каалайм.

     Ал эми билим тармагында үзүрлүү эмгегибиздин мөмөсү болгон келечек муундарыбызды, эли жерине күйгөн, патриоттук сезимге бай, өлкөнү өнүктүрө алган жаңылануу дооруна туруштук берип, ийгиликтер жараткан инсандарды калыптандыруудагы чыгармачылык ишмердүүлүктөрүңүздөрдө ар дайым ийгиликтер жарала беришине тилектешмин.

     Үй бүлөңүздөргө кенен ырыскы, бекем ыйман, кең пейил кетпес дөөлөттү, чың ден соолук узак өмүрдү сурап, Ыйык Рамазан айында Аллахтан тилек кыламын.

 

Кармаган орозоңуздар кабыл болсун! Майрамыңыздар менен!

 

                                                    

Урматтоо менен,

Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин

Сүлүктү шаардык комитетинин төрагасы

К.Кудаяров