Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Улуу Жеңиш унутулбайт!

2021-жылдын 1-май күнү Ноокен районунун Шайдан айылына караштуу Ж.Ниязов атындагы көмөкчү жатак мектебинде 9-май Улуу Жеңиштин 76 жылдыгынын урматына арналган иш-чара болуп өттү.

Иш-чарага Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары З.И.Юлдашева, Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитетинин төрагасы К.К.Нышанов, Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.М.Алыкулов, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн окуу-усулдук каанасынын башчысы У.М.Уметов, Шайдан айыл өкмөтүнө караштуу билим берүү мекемелеринин  жетекчилери, Ж.Ниязов атындагы көмөкчү жатак мектебинин жамааты катышышты.

Анда 9-май Улуу Жеңиштин 76 жылдыгына карата 30 түп арча, 26 түп алма, ошондой эле 20 роза гүлү, жалпы 76 түп көчөттөр отургузулду.

 

Маалыматты даярдаган: Ноокен райКБКнын инспектору Т.Бакиров