Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Улуу максат-улуу күчтү жаратат» аттуу семинар жөнүндө маалымат

2018-жылдын 14-декабрь күнү Өзгөн райондук билим берүү бөлүмүнүн жыйындар залында рай. БББнын башкы адиси Д.Назирбаевдин, билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин райондук комитетинин төрагасы И.Мырзамидиновдун, рай.БББнын окуу-усулдук кабинетинин башчысы А.Ташматовалардын жана Баткен облусунун Лейлек районунда жайгашкан №3 Эксперименталдык-гимназиясынын директору Гапыр Мадаминовдун иш-тажрыйбасы менен таанышып кайткан делегациялык топтун катышуусунда «Улуу максат-улуу күчтү жаратат» аттуу семинары болуп өттү. Семинарда жалпы билим берүү мекемелеринин жетекчилерине Г.Мадаминовдун «Энелер мектебинин» уюштурулушу, «Акыл эмгегинин маданияты», «Ой өрүшү - кругозор» деген китептеринин окуучулардын билим сапатын көтөрүүдөгү натыйжалары, ата-энелердин көӊүлүн  бала тарбиялоого буруу, мектеп менен үй-бүлөнүн байланышын чыӊдоо жөнүндө слайддар, видеороликтер көрсөтүлдү.

Жыйынтыгында, мектеп директорлору менен талкуулар, ой-толгоолор жүргүзүлүп окуучулардын адеп-ахлагын жогорулатуу, билим деӊгээлин көтөрүү, энелердин бала тарбиялоо үчүн мугалимдер менен биргеликте айкалышып иштөө зарыл экендиги маалым болду.

Баткен облусунун Лейлек районунда жайгашкан №3 - Эксперименталдык гимназиясынын директору Г.Мадаминовдун иш-тажрыйбасы менен таанышып келген делегациянын жетекчиси билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин райондук комитетинин търагасы И.Мырзамидинов семинардын катышуучуларына «Энелер мектеби»  жөнүндө өз ой пикирин, сунуштарын айтып, алдыӊкы иш-тажрыйбаны тереӊ окуп үйрөнүү жана мектептерде ишке ашыруу, жайылтуу сунушун билдирди. Ошондой эле жогорудагы иш-тажрыйба боюнча мектептердин окуу бөлүмдөрүнүн башчыларына, тарбиялык иштерди уюштуруучуларга жана социалдык педагогдорго да үйрөтүүчү семинарларды өткөрүү сунушун белгиледи.   

 

Өзгөн РПК