Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Улуттук тегерек стол болуп өттү

2021-жылдын 19-авгутс күнү Тынчтык жана өнүгүү институтунун IPD “Жаш тынчтык куруучулар” долбоорунун алкагында “Жергиликтүү денгээлде тынчтык куруу клубдарынын демилгелери” темасында улуттук тегерек стол болуп өттү. Анда Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынан, Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин, этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин, Германиянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин, БУУ нун, International Alert, Search for Common Grounds, IWPR, Spotlight Initiative, PeaceNexus тун өкүлдөрү жана 7 областтан активдүү, демилгелүү жаш мугалимдери   катышышты.

Тегерек столдун жүрүшүндө тынчтык клубдары өздөрүнүн тынчтык демилгелерин слайддар аркылуу тааныштырышты жана алардын эффективдүүлүгүн жакшыртуу, жогорулатуу боюнча сунуштарды алышты.

Бул иш чара жаштардын активдүү бөлүгү менен тиешелүү мамлекеттик органдар, эксперттик коомчулуктун ортосунда диалогду улантуу үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк болду. Тегерек столдун жыйынтыгында демилгечилер оң пикирлерди алышты жана тараптар сунушталган демилгедерди ишке ашыруу боюнча мындан ары кызматташуу боюнча макулдашышты.

Ноокен районунан №2 С.Ногоева жана №4 А.Сатаров атындагы орто мектебинин тынчтык куруу клубдарынын жетекчилери М.Абдисаматова, Т.Бакировдор барып катышышып, өз демилгелерин тааныштырышып, аларды ишке ашыруу боюнча сунуштамаларды алып келишти.

Жаш тынчтык клубдары тарабынан сунушталган демилгелер 2021-жылдын сентябрь-ноябрь айларында ишке ашырылат.

 

Маалыматты даярдаган: Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокен райондук комитети