Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Улуттар аралык достук” фестивалы

Ноокен районунда “2016-жыл-Тарих жана маданият жылына” арналган  райондук  иш-чаралардын  алкагында 2016-жылдын 6-апрели күнү №29 Якубжан Мирзаходжаев атындагы орто  мектебинде “Ачык эшиктер күнү” өткөрүлдү. Иш-чаранын 1-бөлугүндө мектептин  жаңыдан уюштурулган тарихий музейи менен таанышып, 7 инновациялык сабактарга 55  мектептин, 32 бакчанын директорлору  жана райБББнүн жооптүү  кызматкерлери катышышты.

Иш-чаранын 2-бөлүгүн мектептин директору Х.Абдувахапова мектепти кыскача тарихин билдируу менен “Улуттар  аралык достук” фестивалын ачып берди. Фестиваль 310 окуучунун катышуусу менен 23 улуттун каада-салтын, улуттук бийлерин аткаруу  менен 3 сааттык программадагы иш-чара  өттүү.Фестивалды жана улуттук кийимдерди даярдоого ата-энелер  тарабынан 171миң 230  сомдук көмөк көрсөтүлдү.

Фестиваль мектептин 30 жылдыгы менен коштолуп, мектепке мурдагы мектептин  жетекчилери, ардагер  мугалимдер, мектепти бүтүрүп кеткен окуучулар, ата-энелер, райадминстрациянын,райБББнүн,Масы айылдык Өкмөтүнүн жооптуу  кызматкерлери, Масы айылдык Кенешинин депутаттары, чакырылган көнөктөр катышты.

 Мурдагы директорлор Х.Закиров,М.Мамадалиева,П.Саримсаков жана Я.Мирзаходжаевтин  уулу Хуршид куттуктоолорун жана каалоолорун билдиришти.

           Ноокен  райондук  билим  берүү  бөлүмүнүн  башчысы Б.С.Козуев мектепте өткөрүлгөн “Ачык эшиктер күнү”  иш-чарасынын программасындагы фестивалга өзгөчө баасын берип, 2 мугалимди “Билим берүүнүн  мыктысы”  төш  белгисине, 2 кызматкерди министрликтин “Ардак Грамотасына”,даярдагандарды облустук, райондук сыйлыктарга сунуштоо  жана жамаатты Арстанбап  пансионатына эс алууга жолдонмо, 20 окуучуну Таласка “Манас ордо”  тарихий-этнографиялык комплексына экскурция үчүн жолдонмо  менен сыйлап, мектептин жамаатына ыраазычылык билдирип, ийгиликтер каалады.

Даярдаган, Билим,илим профсоюзунун Ноокен райондук комитетинин укук жана эмгек боюнча тескөөчүүсү-А.Айдаров.