Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Улут болсоң тилиң менен улутсуң”

Ч.Т.Айтматовдун 90 жылдыгына карата жана Мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынгандыгына карата жумалык өткөрүү боюнча Ноокен районундагы бардык билим берүүчү мекемелеринде иш чараларды өткөрүү планы бекитилип,  аткарууга алынды.

     Анын негизинде райондогу бардык мектептердин жетекчилери иш чаралардын бекитилген планына ылайык, 2018-жылдын 17-сентябрынан 2-сентябрына чейин  Ч.Т.Айтматовдун 90 жылдыгына жана Мамлекеттик тил күнүнө арналган  аттуу жумалыкты өткөрүштү.

      Жумалыктын алкагында тарбиялык ачык сааттар, Ч.Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгына арналган кыргыз тили жана адабияты сабактары өткөрүлдү.

     “Улут болсоң тилиң менен улутсуң”, “Кыргыз тили кылымдарды картыкан, эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан”, “Айтматов – аалам алпы” аттуу адабий музыкалык кечелерди өткөрүштү.

     “Чыңгыздын ааламы чексиз”, “Элдин өмүрү – анын тилинде”, “Сөздөн сөз курайбыз” деген темада 1-4-класстардын арасында мелдеш – сабактар №48 Матсаков, №11 Алиев, №28 Айтматов атындагы орто мектептеринде өткөрүлдү.

      Ошону менен бирге Ч.Айтматовдун чыгармаларынан сахналаштырылган көрүнүштөр коюлуп, алдын ала окуучулар өздөрү тартышкан видеороликтерди, жазуучунун кино тасмаларын (“Чыпалак бала”, “Жамила”, “Ак кеме”, “Биринчи мугалим”, “Эрте келген турналар”, “Бетме-бет”, “”Саманчынын жолу” ж.б. көрсөтүшүп, анын негизинде окуучулар арасында талкуулар болду. 

     Башталгыч класстын окуучулары арасында “Менин сүйүктүү адабий каармандарым” (Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча) аттуу сүрөт конкурсу өткөрүлдү.  4-6-класстын окуучулары үчүн “Менин сүйүктүү жазуучум” аттуу үн чыгарып  окуу конкурсунда балдар чыгармаларды кыргыз тилинде көркөм окушту.

     Ал эми 7-8-класстардын окуучулары арасында Ч.Айтматовдун чыгармаларынын негизинде адабий викториналар жана диспуттар уюштурулду. Ар бир класс темага карата дубал газеталарды чыгарышты. 

      “Тилим менин – жан дилим” деген темада майрамдык иш чаралардын алкагында “Ч.Т.Айтматовдун мага жаккан чыгармасы”, “Мендеги бардык жакшы нерселер үчүн китепке милдеттүүмүн”, “Мамлекеттик тил – улуттук кенч” деген темада 8-10-класстардын арасында диспуттар уюштурулду.

    Бардык билим берүү мекемелеринде сырткы көрнөк – жарнактардын орфографиялык жактан туура жазылышына көзөмөл жүргүзүлдү. Ар бир мектеп жана бала бакчада мамлекеттик тил мыйзамынын усулдук кабинеттерде болушу камсыз кылынды.

      Ч.Т.Айтматовдун 90 жылдыгына карата жана Мамлекеттик тил күнү майрамына арналган “” аттуу  китеп көргөзмөлөрү бала бакчаларда, мектептерде уюштурулду.  

     "Элдин өмүрү - анын тилинде" деген темада мелдеш - сабак өткөрүлдү. Максаты окуучуларга өз элин-жерин, эне тилибизди, улуу мурастарыбызды урматтап аздектөөгө үйрөтүү, эне тилди сүйүүгө, мекенчилдикке, ынтымак-достукка тарбиялоо болуп эсептелет.      “Эне тилим – менин сыймыгым” , “Тил – ар бир улуттун баа жеткис байлыгы” деген темаларда дил баян жана баяндамалардын сынагы уюштурулду.

Ноокен райБББнүн Мамлекеттик тил боюнча адиси   Г.Андарова