Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Улгайган мугалимдерге урмат

Баткен райондук тармактык кесиптик бирлик комитети Улгайгандардын күнүндө мектептерде көп жыл бою иштешип, учурда ардактуу эс алууда жүрүшкөн эмгек ардагерлерин жана ардактуу эс алууда жүрүшсө дагы, жетишпеген мугалимдердин ордун толуктап мектептерде иштеп жатышкан агайлар жана эжейлерди, Кыргыз Республикасынын мектептерине эмгек сиңирген мугалимдерин жашаган жерлерине барып  майрамдары менен куттукташып,  чын ден соолук жана бакубат жашоо каалашты.

 Ардагерлерге кесиптик бирлик уюмунун майрамдык белектери тапшырылды.

Ардагерлер улгайгандарга кам көргөндүгү үчүн райондук билим берүү бөлүмүнүн жана райондук кесиптик бирлик уюмунун жетекчиликтерине терең ыраазылык билдиришти.

 

Баткен РКПнын жетектөөчү адиси                                              Б.Абдыразакова