Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Тынчтык клубдарынын алгылыктуу иштери

Бишкек шаарында Тынчтык жана өнүгүү институту коомдук фондунун IPD “Жаш тынчтык куруучулар” долбоорунун алкагында “Тынчтык клубдарынын жергиликтүү денгээлде тынчтык куруу демилгелери” темасында улуттук тегерек стол болуп өттү.

Ага Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын, Билим берүү жана илим министрлиги, Ички иштер министрлиги, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, этностор аралык мамилелер башкармалыгы, Германиянын Кыргызстандагы элчилиги, ACTED, UNDP, UNFPA, Фридрих Эберт атындагы фонд, PeaceNexus, Saferworld, Ага Хан фондунун өкүлдөрү катышты.

Тегерек столдун жүрүшүндө ар бир областтан келген 23 тынчтык клубдары өздөрүнүн сентябрь-ноябрь айларындагы ишинин жыйынтыктары жөнүндө баяндамаларды жасашты.

Тынчтык клубдары тынчтык, жаш өспүрүмдөрдүн  инсандык өнүгүүсү, өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу жана “Кыргыз жараны” концепциясынын алкагында алып барышууда.

Тынчтык клубдары тегерек столго чакырылган өкүлдөрдүн көптөгөн жакшы ой-пикирлерин жана тынчтык клубдарын мындан ары өнүктүрүү жана жаш өспүрүмдөрдүн көйгөйлөрүнө эффективдүү таасир көрсөтө ала турган иш-чараларды өткөрүү боюнча сунуштарды алышты. Андан сырткары ар дайым кызматташууга даяр экендигин жана колдоорун билдиришти.

 

Маалыматты даярдаган: Ноокен райондук КБКнын инспектору Т.Бакиров