Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Туура кесип тандоо - келечекке карай жол.

2021- жылдын 29-январь куну Лейлек районунун А.Навои атындагы орто мектебинде 9-11-класстардын бүтүрүүчүлөрүнө "Туура кесип тандоо - келечекке карай жол" аттуу диспут өткөрүлдү. Бул диспутка "Ата-Журт" гезитинин редактору А.Дооров, Лейлек РИИБнин жашы жете электердин иштери боюнча укук инспектору, милициянын ага лейтенанты О.Камбаров, Лейлек райондук үй бүлөөлүк дарыгерлер борборунун врачы Г.Азизов, "Дүйнөлүк кесипти жайылтуу" профориентация долбоору боюнча "Инсан-Лейлек" коомдук фондунун өкүлдөрү Сагынбек кызы Сымбат, Темирбекова Эркингүл, ата-энелер, азыркы учурда окуп жаткан студенттер, мугалимдер 9-11-класстын окуучулары чакырылды. Бүтүрүүчүлөргө кесип тандоо боюнча ар тараптуу маалыматтар берилип, келген коноктор өздөрүнүн баалуу кеңештерин айтышып, жемиштүү жыйынтык чыгарылды.


Марина Сагалиева