Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Туркия сапары жаңы максаттарга шыктандырды

     Ноокен райондук билим берүү бөлүмү менен   билим   берүү   кызматкерлеринин    кесип  бирлигинин  Ноокен   райондук   комитети  ортосунда   түзүлгөн МАКУЛДАШУУГА  негиз  билим берүү кызматкерлеринин эмгегин балоо жана андан аркы иштерине стимул берүү максатында бир  топ жылдардан бери Кыргызстандын эң кооз  жайларына эс алууларды уюштуруп  келет. Мен дагы  окуучулардын билим сапаты  жана  райондук,областык  олимпиадалардын көрсөткүчтөрүнүн жыйынтыгы менен бир нече  жолу кереметтүү  Ысык – Көлгө,Таластагы Улуу  Манас Ордосуна,ыйык  Сары –Челекке жана Падыша-Ата коругунда  эс алып келгем.                                                                                 

    Ал эми 2015-2016-окуу жылында окуучум Арстанбекова Айсалкын химия  предметинен республикада байгелүү   орунду багындыргандыгы үчүн мени Турция мамлекетинин Стамбул шаарына акысыз  жолдонмо менен бир жумалык  2017-жылдын  3-10-январында  эс алууга жөнөтүштү.    

     Турция мамлекетине болгон саякат менде абдан жылуу пикирлерди жана  жакшы ойлорду,  максаттарды  жаратты. Мен эс алуу менен бирге Стамбул  шаарынын  тарыхый, маданий жерлеринде болдум жана билим берүү  мектептери  менен тааныштым. Мектептеринде билим берүү  программасы бизден бир топ эле  айырмалангандыгына күбө болдум. Өзгөчө белгилей турган  нерсе окуучуларды мекенчилдикке тарбиялоого  өзгөчө көңүл бурулгандыгына ,ошондой  эле музыкалык,эстетикалык табиятка өстүрүүгө да өзгөчө көңүл бурулгандыгын байкадым. Дагы  мени суктандырган нерсе шаардын  өтө тазалыгы болду. Деңизден соккон салкын аба ,толкундардын урушу ,шаардын кооздугу мага өзгөчө дем күч берди .ушундай сыяктуу сапарга мүмкүнчүлүк түзүп,жолдомо берип жиберген Ноокен райондк билим берүү бөлүмүнө, Райондук  Кесиптик уюмуна,Кочкор Ата шаардык мэриясына жана Арал айыл  өкмөтунө терең  ыразычылык билдирем. Туркия  сапары   мени жаӊы  максаттарга   шыктандырды.                 

    2017-жылдын  20-январында  Билим жана  илим   кызматкерлеринин   кесип  бирлигинин   Ноокен   райондук   комитетинин   Президиуму  кенешмеси   болуп  өттү.

Анда  төмөнкү  меселелер  каралып,  тийиштүү  токтомдор   кабыл алынды:

  1.Райондук  комиттетин   2017-жыл  үчүн  ИШ ПЛАНЫН  бекитүү жөнүндө.

  2. Билим берүү  жана илим  кызматкерлеринин   кесиптик  бирлигинин  Жалал-Абад  облустук 

      комитеттин  19-январь  2017-жыл  Президиумунун  токтомдорун  ишке  ашыруу  жөнүндө.

  3.«Билим,  илим  кызматкерлеринин  кесип  бирлигин  Ноокен  райондук комитеттинин    

       Регламентина» өзгөрүүлөр жана толуктоолор  киргизүү жөнүндө»

 4.Райондук комитеттин   2017-жыл СМЕТАСЫН бекитүү   жөнүндө.

 5. “2017-жыл -Ыйман, адеп, маданият   жылына” карата  иш-чараларды  бекитүү  жөнүндө.

 6.Райондук  комитетин  кезекетеги Пленумун  чакыруу  жөнүндө.

 7.Ноокен  районунун “Билим  берүүнүн  Ардагери”   төш  белгиси  менен  сыйлануучуларды  

     тизмесин  бекитүү  жөнүндө.

 8.Арал  айыл  аймагындагы  №33 “Жоогазын”, Сакалды  айыл  аймагындагы  №34  “Эл-Нуру”    

    бакчаларынын  жана Кочкор-Ата  шаарындагы   “АсКа-кут” Жоопкерчилиги  Чектелген 

     Коомунун   баштапкы  кесиптик  уюмдарын  райондук  комитеттин  курамына  кабыл 

     алуу  жөнүндө. Президиум кенешмеси  2017-жылга  жаңы  максаттарди белгилеп  берди.

 

Материалды   даярдаган, Зияшева  Кансалат- № 6 “Арал”  орто  мектебинин   баштапкы  кесиптик  уюмунун   төрайымы,  Ноокен  райКБКнын   Президиумунун   мүчөсү.