Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Турак-жайлуу болушту

    Ушул жылдын 30-майында Ош шаардык Кеңешинин кезектеги жыйыны болуп, анын күн тартибиндеги маселелеринин бири 2010-жылдагы түштүк аймактарда болгон июнь коогалаңынан жабыркагандар үчүн Ош жана Жалал-Абат шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамдирекция тарабынан курулган үйлөрдөгү жабыркагандардан ашып калган батирлерди мамлекеттик бюджеттик мекемелерде иштеген кызматкерлерге ипотекалык негизде бөлүштүрүү маселеси каралды. Бул маселени кийинкиге калтаралы деген сунуш айткан депутаттар да болуп, бирок Кудай жалгап, карап коелу деп колдоп берген көпчүлүккө алдынала ыраазычылык билдирип койгубуз келет.                                                                                         

     Бул батирлер бүткөрүлгөндүгүнө беш жыл болуп, ушуга чейин ээн калып жаткандыктан аларды турак-жайга эң муктаждарга, өзгөчө жаштарга таркатылып берилишин сунуштап биз, Ош шаарындагы ЖОЖдордун профсоюз уюмдары өткөн 2015-жылдын февраль айынан баштап эле Ош шаардык мэриясына жана депутаттарга кайрылуу жасап келгенбиз. Мамлекеттин эмес, донор өлкөлөрдүн каражатына бүткөрүлүп, жалпысынан 1300дөй батир пайдаланууга бериле турган болуп, бирок мамдирекция курган бул көп кабаттуу үйлөрдүн сапаты жөнүндө да бир катар суроолор жаралып келгендиги коомчулукка белгилүү.                                       

    Канткен менен батирлердин дээрлик тең жарымы июнь коогалаңынан жабыр тарткандарга берилип, калган 600гө жакын батирдин 300дөн ашууну  күч органдарына, милиция кызматкерлерине бекер берилип, ал эми калган 300дөйүн шаар бийлиги мугалимдерге, врачтарга ж.б. бюджетниктерге ипотекалык негизде берүү чечимине келишкен. Албетте, аскер жана милиция кызматындагылардай эле биз деле  мамлекетке кызмат кылып жатсак, а эмнеге аларга бекер, бизге ипотекага, анан да коммерциялык курулуш компаниялары сыяктуу эле кымбат баада берилиши керек деп негиздүү суроо койгондор көп болду. Анткени чынында эле, Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылы кабыл алынган ипотекалык кредиттөө жөнүндөгү Жобосуна ылайык ар бир чарчы метри 450 долларга бааланып, алгач батир баасынын 30% өлчөмүндөгү баштапкы төлөмдү төлөө, жылдык 10% үстөк  төлөмү жана 7 жылга чейинки мөөнөттө толук төлөп кутулуу талабы турак-жайга муктаждардын дараметине туура келбей калды.                                                                                   

    Ошондуктан ЖОЖдордун профкомдору бул эң көйгөйлүү маселени бир аз болсо да жеңилдетүү максатында бир жылдан ашык убакыттан бери Ош шаардык мэрияга, депутаттар кеңешине, профсоюздардын республикалык жогорку органдарына, Өкмөкө жана Жогорку Кеңешке чейин бир нече жолу коллективдүү кайрылууларды жасадык. Шаардык кеңештин мурдагы курамынын бюджет жана архитектура боюнча комитеттери  биздин кайрылуубуздагы маселелер боюнча тийиштүү чечимин кабыл алышып, бирок 27-марттагы жаңы шайлоолорго чейин сессия өткөрүүгө кворум болбой отуруп,  депутаттар акыр соңунда таркап кетти. Ал эми жаңы курамдагы шаардык кеңештин депутаттары катуу талкуудан өткөргөнү менен бул маселени чындап турак-жайга муктаж болгон жүздөгөн шаардыктардын пайдасына туура чечип беришти.                                                      

    Кабыл алынган чечимге ылайык батирлердин ар бир чарчы метри орточо 30 миң сомго бааланып, алгач батир баасынын 20% өлчөмүндөгү баштапкы төлөмдү төлөө, жылдык 6% үстөк  төлөмү жана 12 жылга чейинки мөөнөттө толук төлөп кутулуу мүмкүндүгү берилди. Эми мындан ары ар бир жамаатта эл менен батирлерди бөлүштүрүүнүн жаңы шарттары туурасында түшүндүрүү иштери жүрүп, тезарада банктарга акчалай төлөмдөрдү төгүп, андан ары ачкычын алып, жаңы конушка көчүп кирүү маселеси гана калганына көпчүлүк кубанып, профсоюздарга ыраазы болуп турган кези.