Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

тун гезити «Кыргыз Туусу»

30-ноябрь 2018-жылы өлкөбүздүн тун гезити «Кыргыз Туусу» жыл бою алыскы жана жакынкы аймактарда мыкты ийгиликтерге жетишкен жамааттарды жана алардын ар биринин ак эмгектерине көӊүл буруп  аларды эл арасынан таап «Жылдын мыктысы» жана «Кыргыз бренди» деген номинация менен баалап жана сыйлап жалпы жумурай журтка сунуштады.

Мына ушундай сыйлыкка  Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин  жалпы жамааты да көрсөтүлүп, жыл ичиндеги ийгиликтери менен өтө жогору бааланып, мекендин өсүп-өнүгүшүнө жана  жаштарды окутууда жана тарбиялоодо зор салым кошкондугу үчүн университеттин жалпы жамаатын жана профсоюздук комитетин мыктынын мыктысы деп таанылганын белгилеп сый-урмат көрсөтүү менен сыйлыктарын тапшырды.      

Белгилүү коомдук  саясий ишмер, легендарлуу парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкулов  университеттин бириккен профсоюздар комитетинин төрагасы Алымбаев Кенжебек Ишенбаевичке тапшырып жатып,  өз сөзүндө: «Кыргыз Туусу газетасынын сыйлыгына татыктуу болуу - өзгөчө сыймыктуу», - экенин айтты. Анткени, бул гезит -  улуттун туусу болгон гезит, кыргыздын эӊ алгачкы тун гезити деп белгиледи.

 

К.Тыныстанов атындагы ЫГУ