Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ТӨРТҮНЧҮ ЖОЛУ КАЙРАДАН ШАЙЛАНДЫ

    Баткен райондук тармактык кесиптик бирлик уюмунун  IX отчеттук-шайлоо конференциясы 2015-жылдын 18-майында Баткен шаарында болуп өттү. Ага Борбордук Комитетинин төрагасы А.Токтогулов, Борбордук комитетинин төрагасынын орун басары, Ош облустук тармактык комитетинин төрагасы С.Тойгонбаев,  Билим, илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен облустук комитетинин төрагасы З.Бөтөков, Баткен раймамадминистрациянсынын башчысы – акимдин орун басары К.Кыдырова катышышты. 

Конференция райондук уюмдун жана райондук текшерүү комиссиясынын 2011-2016-жылдардагы аткарган иштери жөнүндө отчетторду укту, аны талкуулап, тиешелүү чечимдерди кабыл алды.   Отчеттук баяндамаларды райондук комитеттин төрагасы Т.Жумаев, текшерүү комиссиясынын мүчөсү У.Мидинов жасашты. 

Жарыш сөзгө чыгып сүйлөгөн делегаттар райондук комитет 2011-2016-жылдар ичинде баштапкы уюмдардын активдүүлүгүн арттыруу, билим берүү кызматкерлеринин социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоо, райондук жана айыл аймактарынын деңгээлинде социалдык өнөктөштүктү кеңири жайылтуу боюнча натыйжалуу иштер жүргүзүлүп жаткандыгын, ошону менен бирге айрым оңдоону талап кылган маселелер да бар экендигин белгилешти. 

Конференцияда райондук комитеттин жана текшерүү комиссиясынын жаңы курамы бекитилди. Райондук комитеттин төрагасы болуп кайрадан Т.Жумаев шайланды. Ушуну менен ал билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин райондук комитетинин төрагасы болуп төртүнчү жолу шайланып отурат. 

Т.Жумаев бул райондук уюмга төрага катары 2001-жылдан бери эмгектенип келүүдө.  Жалпы педагогикалык эмгек стажы 42 жыл. Билим берүү жана кесиптик бирлик тармагында үзүрлүү эмгектенип, “Билим берүү мыктысы”, “Кесиптик бирлик кыймылынын мыктысы” төш белгилери менен сыйланган, Баткен районунун ардактуу атуулу. Кыргызстан профсоюздар федереациясынын Ардак грамотасы менен да сыйланган. 2015-жылы  республиканын кесиптик бирликтер федерациясынын эң жогорку сыйлыгы “Кыргызстан кесиптик бирликтеринин  алдында сиңирген эмгеги үчүн” ардактуу төш белгиси ыйгарылган.

Билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук Комитеттин төрагасы конференцияда сөз сүйлөп, Т.Жумаевди кайрадан райондук комитетке төрага болуп шайланышы менен куттуктады, райондук комитеттин, текшерүү комиссиясынын жаңы мөөнөттөгү иштерине ийгилик каалады. Ошондой эле,  Борбордук Комитеттин учурдагы аткарып жаткан иштери  кесиптик бирлик уюмдарынын баштапкы, райондук, облустук жана республикалык деңгээлде мыйзамдуулукту сактоо, уюшкандыкты көрсөтүү, билим берүү кызматкерлеринин социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоо, социалдык өнөктөштүктү өркүндөтүү боюнча милдеттери жөнүндө баяндады.

 

 Билим берүү кызматкерлеринин

 кесиптик бирлигинин Баткен райондук

 комитетинин жетектөөчү адиси                                Б.Абдырзакова