Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Төрага Сузактык өнөктөштөр менен жолугушту

     2017-жылдын  10-январында Билим  берүү  жана  илим  кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад   обкомунун  төрагасы  А.А.Исмаилов Сузак  районунун мектептеринин  жана мектепке чейинки  билим  берүү  мекемелеринин  директорлору  менен  жолугушту.    

     Жолугушуда   обкомдун  2017-жылда профсоюздук мүчөлрдүн социалдык-экономикалык,  укуктук маселелерин  чечүүдөгү иштери  жөнүндө  кыскача маалымат  берип, 2018-жылдагы милдеттерге токтолду. Жетекчилерди  социалдык  өнөктөш  катарында макулдашуулар аркылуу билим  берүү  кызматкерлерин  проблемалары  чечүүдө биргелешкен  иш –аракеттерди жүргүзүүгө багыттады.

       Жолугушу  акырында Борбордук  Комитеттин президиумунун  токтому  менен республикалык  кароо-сынакта   1-орундун   жеңүүчүсү  болгон  Манас  орто мектебинин  профсоюздук  уюмуна 1-даражалуу  Диплом  жана ноутбукту мектеп  директору А. Сулайманова менен профкому А.Боркошевага тапшырды.

      Ошондой  эле “Кыргыз  Туусу “  республикалык  гезитинин “Мыкты жетекчи” номинацыясынын  ээсы райБББнун  башчысы –Алмазбек  Маматкадырович  Бечеловко, “Мыкты  директор”  номинациясынын ээсы-Бабур  атындагы орто мектебинин директору  Дилщодбек  Кадыркуловко, “Мыкты  тарбиячы” номинациясынын  ээсы-Аруке бакчасынын  тарбиячысы  Зулфия Кожобаевага , Билим  берүү  жана  илим  министрлигинин “Ыраазычылык  Каты”- Чанаков  атындагы  орто  мектебинин директору Абдыманап  Исаковторго  тапшырылды.

     Сузак райкомунун  төрагасы  А.Орозалиев  социалдык  өнөктөштүктү  өнүктүрүү менен билим  берүү  кызматкерлерине шарттарды жакшыртууга жетишуу  чараларын  сунуштоо  менен  обкомдун  ишине  ийгиликтерди  каалады.

Материалды  даярдаган:  Жалал-Абад  обкомунун   инспектору-  А.Айдаров.