Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Төрага бала бакчалардын абалы менен таанышты

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад шаардык комитетинин төрагасы М.Мамасыдыков шаардагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин абалы менен жакындан таанышты.

Жалал-Абад шаарынын социалдык иштер боюнча вице-мэр Р.Алтымышов, Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ы.Калчаев жана Профсоюздун Жалал-Абад шаардык комитетинин төрагасы М. Мамасыдыковдор баштаган жумушчу топ түзүлүп шаардагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин техникалык коопсуздугун жана санитардык нормалардын сакталышынын абалы менен таанышып чыгышты.

Жумушчу топтун курамына Жалал-Абад областтык санэпид көзөмөлдөө башкармалыгынын адиси, Мамлекеттик экотех инспекциясынын адиси да тартылган.

Жыйынтыгында Профсоюздун Жалал-Абад шааркомунун төрагасы М.Мамасыдыков азыркы учурдагы эпидемиологиялык абалда санитардык – гигиеналык нормалардын, социалдык аралыктын сакталышын жана техникалык коопсуздуктун алдын алуусун мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилерине жана баштапкы профсоюз уюмунун төрайымдарына терең түшүндүрдү.

 

 

 

Маалыматты даярдаган: Профсоюздун Жалал-Абад шаардык комитети