Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Төрага Ала-Бука районунда кесиптештер менен баарлашты

     Билим  берүү  жана  илим  кызматкерлеринин  профсоюзунун  Жалал-Абад  облустук  комитетинин  төрагасы  А.Исмаилов  15-16-октярь күндөрү  кызмат  сапары  менен  Ала-Бука  районунда болуп,  кесиптештери  менен  баарлашты.

           Төрага  Балтагулов  атындагы  орто  мектебинин   жана   райБББнун  жамааттары   менен  жолугушуп, мугалимдердин айлык  акылары,  тарификация,  кошумча төлөөлөрдүн  төлөнүшү боюнча  кызыгып  кесиптештердин  суроолоруна  жоопторун  берди. 

          Мугалимдер  жана райБББнун  борборлоштурулган  бухгалтериясынын кызматкерлеринин кызыктырган   маселелер  боюнча маалыматтарды  берип,   алдыдагы  милдеттерге  токтолду.

         Мугалимдер профсоюздук  уюмдар  тарабынан көрүлүп  жаткан камкордуктарга  ыраазы болуп,  төраганын  ишине  ийгиликтерди каалашты.

Материалды  даярдаган: Балтагулов  атындагы  орто  мектебинин профкому Байдөөлөтова  Динара.