Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Түп райондук билим берүү бѳлүмүнүн кезектеги коллегиясы болуп ѳттү.

 

2021-жылдын 18-мартында Коллегияда райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитетинин тѳрагасы, коллегиянын мүчѳсү Сыдыков М.А сѳз сүйлѳдү. Ошондой эле, райондук билим берүү бѳлүмүнүн башчысы Такаев А.Ж жана профсоюз комитетинин тѳрагасы Сыдыков М.А. КР Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин «Билим, илим  профсоюзунун отличниги» тѳш белгилерин райондук профсоюз кыймылынын ишине баштапкы профсоюз уюмдарынын кызматкерлеринин  иштештерине шарт тузүп, эс алуу бѳлмѳлѳрүн, профсоюз кабинетитерин бѳлүп берүүдѳ жана эки жана үч тараптуу келишимдердин чечимдерин айыл ѳкмѳттѳрү менен биргеликте иш жүзүнѳ ашырууда профсоюз уюмдарына ѳнѳктѳш болгон бир катар мектеп жетекчилерине тѳш белгилерин салтанаттуу түрдѳ тапшырышты. Билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин атынан жектекчилердин тѳрагасы Джанадилов Б.Б. Ыраазычылык сѳзүн сүйлѳп, мындан ары дагы райондук профсоюз комитети менен биргеликте жалпы райондук профсоюз кыймылынын ишине алгылыктуу кыймыл аракеттерди жүзѳгѳ ашыра беришеерин айтып ѳтүп, Борбордук профсоюз комитетине жана райондук профсоюз комитетинин иштерине ийгилик кааалап, ыраазычылык билдиришти.