Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Торколуу тоюӊ кут болсун - Мектебим !

          Быйылкы жыл Президентибиз  Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен «Тарых жана маданият жылы» аталып, татыктуу иш- чаралар өтүп  жатат. Алардын катарында Ноокен районуна караштуу  Кочкор- Ата шаарындагы № 28- Чынгыз Торокулович  Айтматов орто мектебинин 60 жылдык маарекеси белгиленди. Бул иш- чара жогорку деӊгээлде өттү.

          Бишкектен жол арытып, сапар карытып келген ушул мектептин бүтүрүүчүлөрү  Үсөн Сыдыков, Солтоналы Борбиев, Тургуналы Закиров, ошондой эле социалдык  маселер боюнча акимдин орун басары Нурила Байжигитова, райондук билим берүү  бөлүмүнүн башчысы Бакыт Козуев, кесиптик уюмдун төрагасы Кубанычбек Нышанов, шаардын мэри Кубанычбек Эгембердиев баш болгон мэриянын өкүлдөрү  жана КНГ, СМУнун жетекчилери, мектеп , лицей, колледж директорлору  жана башка шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери катышып,  мектептин кадыр- баркы .жетишкен ийгиликтери жөнүндө өз ойлорун, жакшы тилектерин айтышты, белектерин тапшырышты. Мектептин директору Ахметов Сапарбай Арзымбаевичке жана бир жакадан баш, бир женден кол чыгарып талыкпай иштеп келе жатышкан мугалимдер жамаатына да ыраазычылыктарын билдиришти.

          Мааракенин шаӊын жана көркүн мектептин окуучулары келген меймандарга өз өнөрлөрүн көрсөтүшүп, жагымдуу маанай тартуулоо менен арттырышты.

          Мен бул мектепте иштеп жатып ,мектеп улуу инсандын наамын алгандыгына, жамаатыбыздын кадыр-баркына, жетишкен ийгиликтерине кубанамын жана сыймыктанамын.

         Мектебибиздин жалпы жамаатына ишиниздерге ийгилик,бекем

ден- соолук, куч-кайрат, ар дайым жашоонуздарда ыр-кулку коштоп, бакубат омур кечириниздер демекчимин! 

          Дагы бир жолу, Мааракен куттуу болсун – Мектебим!

 

   № 28 – орто мектебинин баштапкы профсоюз уюмунун төрайымы   Султанова Гулжамал Жоробаевна