Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Токтогул районунун билим берүү кызматкерлери мугалимдер күнүн белгилешти

     Жыл  сайын октябрь айында  белгиленүүчү  мугалимдердин  кесиптик  майрамы  бул  жылы да  жакшы  деӊгээлде  белгиленди.  Кененирек айта  кетсек,  Токтогул райондук  билим  берүү  бөлүмүнө  караштуу 42-мектеп, 16-балдар бакчасы  жана  1-балдар  чыгармачылык  үйү бар.  Ушул мекемелердин  ар  бирине  Токтогул  райком  профсоюз  тарабынан  кесиптик  майрамына  карата  акчалай  каражаттар  бөлүнүп  берилип, билим  берүү  кызматкерлери  кесиптик  майрамын  жакшы  маанайда  белгилешти.  Ошол  мугалимдердин  кесиптик  майрамын  белгилөөдөгү  бир  нече  көрүнүштөр.