Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Токтогул районундагы «Театр – бул искусствонун храмы, тарбиянын бутагы» темасында семинар

     25-апрель күнү Токтогул районунда  Бөкөнбаев атындагы орто  мектебинде  №27 Аманкан  Мамыров  атындагы  орто  мектебинин  тарых мугалими  Бектурганова Гулзаданын  «Театр – бул  искусствонун  храмы, тарбиянын  бутагы»  жана  «Канча душман сүрдөп турган  тайсалдап, Кыргыз элин  сактап калган эр Тайлак» темада  семинар  болуп  өттү.

      Семинардын максаты:   Дүйнөдө  турмуштун   талуун  жана  татаал  маселелерин  талдай  билүүгө, башкалар  көрбөгөндү  көрө  билүүгө, доордун  добушун тыншап, тамырын  кармаган  акылг ой  болууга  тарбиялоо  менен  бирге  жаштардын  аӊ-сезимине  жана  күлк  мүнөзүнө  терс  таасирин  тийгизип, этикалык  идеалардын  жана  ыймандык  дөөлөттөрдүн  кадырын  төмөндөшүн  алдын алуу  болду.

      Семинар  кыргыздардын  тарыхында  чоӊ из  калтырган  «Курманжан  Датка» аттуу  драмасын  театралаштырылган вариантын  окуучулардын  республикалык конкурста аткарып  2-орунга  жетишкендиги  тууралуу  слайд  доклад  менен  башталды. Андан сон Кыргыз батыры Эр Тайлакты  театр форумга  алып чыгуу же чыкпоо  тарых  мугалимдеринин  ортосуна  коюлду  жана  ошол тема  боюнча  7-класстын  окуучуларынын  аткаруусунда  доклад  инценировка көрсөтүлдү.