Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Токтогул районундагы маданият үйүндө «Мугалимдердин күнүнө» карата билим берүү бөлүмү жана райком профсоюздун демилгеси менен мугалимдерди куттуктоо жана сыйлоо аземи

     Ушул жылдын   7-октябрь  күнүндө  Токтогул  райондук маданият  үйүндө  мугалимдердин кесиптик  майрамына  карата,  билим  берүү  бөлүмү жана  Токтогул  райондук билим берүү  жана  илим  кызматкерлеринин профсоюз  комитети   тарабынан  мугалимдерди, мектеп жумушчуларын,  айыл  чарба иштери боюнча  кызматкерлерин  жана  балдар  бакчалардынын  кызматкерлерин куттуктоо жана  сыйлоо  иш  чарасы  болуп  өттү. Жергиликтүү  администрациянын  өкүлү Айна  Наватовна, билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси  Д. Сулпукарова  жана  райком профсоюздун төрагасы Т. Исраилов мугалимдерди куттуктоо  менен иш чаранын  ачылышын  ачышты.  Иш  чаранын  жүрүшүндө  мугалимдердге  каалоо  тилектер  айтылып  диплом, ардак  грамота жана райком профсоюз тарабынан  акчалай сыйлыктар тапшырылды.  Иш чара  чакан  концерт  менен  коштолуп, жыйынтыгында мугалимдердин эстелике  сүрөткө  түшүүсү менен  жыйынтыкталды.