Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Токтогул районундагы 2016 –жылдын бүтүүрүчүлөрүнүн «Акыркы конгуроо» салтанаты

     2016-жылдын  27-май күнү Токтогул районунун мектептери  боюнча  жалпы 11-классты  бүтүрүүчүлөрдүн «Акыркы конгуроо» салтанаттуу  иш  чарасы  болуп  өттү. Ушундай  иш чаралардын  арасынан  Токтогул  атындагы  орто мектебинин   бүтүрүүчүлөрүнүн «Акыркы конгуроо» салтанатынан  кыскача  көрүнүштөр.  Бул  иш чарага  Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнүн  Кадрлар  бөлүмүнүн директору Момуналиев  Нурханбек  Сакенович,  Токтогул райондук адиминистрациясынын  акиминин  орун  басары  Айна  Наватовна  жана  Токтогул  райондук  билим  берүү  бөлүмүнүн  башчысы  Д. Сулпукарова  катышты.  Иш  чаранын  жүрүшүндө  Момуналиев  Нурханбек  Сакенович  тарабынан  эӊ  жакшы окуган  окучуларга  жана  областык,  респуликалык  олимпиада  жеӊүүчүлөрүнө  акчалай  стипендиялар,  баалуу  белектер  жана  диплом  грамоталар  тапшырылды.

      Акыркы  коӊгуроого  20-жыл  мурун бүтүрүүчүлөр  да   катышып  1-класс  окуучуларына  жана  мугалимдерге  баалуу  белектерин  тапшырып,  бүтүрүүчүлөргө жакшы  каалоо  тилектерин  айтышты.  Иш  чаранын  жыйнтыгында  акыркы  коӊгуроо  кагылып  бүтүрүүчүлөрдү  узатуу  менен  салтанаттуу  иш  чара  аяктады.