Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Токтогул районунда «Жылдын мугалими-2017» конкурсу өткөрүлдү

Мугалимдердин  адистик  жөндөмүн, методикалык  чеберчилигин,  тарбиячы

катарында  кесиптик  потенциалын  жогорулатуу  жана  алдынкы тажрыйбаны  педагогикалык  жамааттарга  таркатуу  аркылуу  окуучулардын  билим  сапатын  көтөрүү  максатында  жыл  сайын   өтүүчү «Жылдын  мугалими – 2017»   конкурсунун зоналык  этабы  Токтогул  райондук  билим  берүү  жана  илим  кызматкерлеринин кесиптик  бирлик  комитетинин  жана Токтогул  райондук  билим  берүү  бөлүмүнүн ортосунда  макулдашуусу  менен  апрель  ай  ичи  өткөрүлдү.

 

       Конкурс  райондук  билим  берүү  бөлүмүнүн  жобосунда  көрсөтүлгөн;

  1. Өзүн өзү тааныштыруу  жана  кесиптик иш аракетиндеги чыгармачылык  отчетун көрсөтүү.
  2. Чыгармачылык  менен  сабак өтүү.
  3. Мастер класс.
  4. Жан дүйнө

аттуу  тапшырмаларына  ылайык  өткөрүлдү.

  Конкурстун  зоналык  этабынан  утуп  чыккан  мугалимдер үчүнчү  райондук этабына  жолдомо  алышат.