Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Токтогул районунда жаӊы мектептин ачылышы

    Токтогул районуна караштуу Толук айылынын 90-жылдык маарекеси менен бирге ушул жылдын 25-октябрь күнү аталган  айылда Бекболотов атындагы жаны орто  мектептин ачылыш иш  чарасы болуп өттү. Бул  иш  чарага мектептин жааматы мыкты даярданып, келген конокторду өзгөчө бир шаӊ менен  жылуу  тосуп  алышты. Билим берүү  бөлүмүнүн  башчысы

    Д. Сулпукарова жана  Райком профсоюздун төрагасы Т. Исраилов мектептин жааматын куттуктап мугалимдерге ардак грамоталарын жана баалуу белектерин тапшырышты.  Андан соӊ  ачылыштын катышуучулары мектептин  ички бөлмөлөрү менен таанышып, аягында мектеп жааматы даярдаган чакан концертине  кубөө болушту.