Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Токтогул районунда Жалал-Абад областык спартакиадасынын ачылыш аземи

        Ушул  жылдын  20-май  күнү  Токтогул районунун борбордук спорт  аянтында  «Ыйман, адеп жана  маданият»  жылына карата Жалал-Абад   областтык  мугалимдердин «Ден  соолук – 2017»  спартакиадасынын ачылыш  аземи  болуп  өттү.  Спартакиадага Жалал-Абад  областына  караштуу  14-район, шаарларынан   спорттун 5-туру, тактап  айтканда; волейбол, стол үстүндө теннис, ордо, тогуз коргол жана шахмат боюнча мугалимдердин курама командалары катышты.    Келген  конокторго Токтогул  райондук  кесиптик  бирлик  комитети  жана райондук билим берүү бөлүмүнүн  жетекчилиги  тарабынан  уюштурулган майрамдык концерт  тартууланды. Андан соӊ   командалар парад  менен элдин алдынан  өтүү, жүрүшү  өзгөчө  бир  керемет  көрүнүш  болду  деп  айтсак жанылышпайбыз.   

       Спартакиаданын ачылышын  Жалал-Абад  областтык  кесиптик  бирлик  комитетинин төрагасы Исмаилов Абдыкахар мугалимдерди куттуктоо  менен  ачты. Андан соӊ  Кыргыз Республикасынын улуттук  гимни угулуп  спартакиада  официалдуу түрдө ачылды.