Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Токтогул районунда «профсоюз күнү» белгиленди

      19-октябрь күнү «Профсоюз күнүнө»  байланыштуу  Токтогул райондук   билим  берүү  бөлүмүнүн  чоӊ залында  райком  профсоюздун  чогулушу өткөрүлдү. Чогулушка билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Д.Сулпукарова, президиумдун  мүчөлөрү, комиссия  мүчөлөрү жана билим берүү мекемелеринин профсоюз төрага (төрайымдары) катышты.  Чогулуштун  ачылышын  райком профсоюздун төрагасы Т. Исраилов профсоюз мүчөлөрүн майрамы менен куттуктап, калоо  тилектерин айтуу  менен бирге ачты.  Андан сон 2016-жылда райком профсоюз тарабынан жасалган иштер  тууралуу  маалымдоосу, профсоюз төрага (төрайымдардын) кошумча пикирлери  угулду. Жыйынтыгында алгылыктуу иштеген  профсоюз төрага (төрайымдарына) областык жана райондук  ардак грамоталар, ошону  менен бирге чогулушка катышкан жалпы профсоюз төрага (төраймдарына) майрам күнүнө байланыштуу ар  бирине  акчалай сыйлыктар  тапшырылды.